Балыкчыда өзгөчө кырдаал жарыяланды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Балыкчы шаарында катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Учурда бардык тиешелүү бөлүмдөр өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын күчөтүлгөн режимине өткөрүлдү. Бирок өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча буйрук болгон жок”, – деп түшүндүрүштү Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Балыкчыда термометрдеги көрсөткүч -14 градуска чейин түшкөн, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жетүүдө, абанын нымдуулугу – 70%.

Эске сала кетсе, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары катуу шамалга байланыштуу Балыкчыда өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жазып чыгышкан.