Кемпир-Абадды коргоо комитети: “Аялдарды, апаларды, жаш кыздарды камоо, кармоо жигитчиликке жатпайт”

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү бүгүн, 11-январда ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, алардын тынч акцияга чыккан тарапташтарын кармап кеткен милиция кызматкерлери мыйзам бузду деген пикирин билдирди.

Кайрылуу комитеттин мүчөсү, камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Улан Мырза, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир кыргыз жаранына тынч митингке чыгуу кепилдигин берет. Ушул укуктан пайдаланып биздин тарапташтар, жакындарыбыз мыйзамдуулукту талап кылып ИИМдин имаратына барышты. Сиздин кызматкерлериңиз, көз каранды, бийликтин буйругун аткаруу менен чыгарган Биринчи май райондук сотунун, Конституцияга каршы келген чечимин жетекчилике алып, биздин тарапташтарыбызды кечээ кармашты. Биз сиздин эсиңизге салабыз, Конституциянын нормалары соттун, өзгөчө көз каранды соттун чечиминен жогору турат. Сиз жана сиздин кызматкерлер мыйзамды бузуп атасыңар.

2017-жылы, бийликти басып алууга күнөөлөнүп камалган С. Жапаровдун тарапташтары милицияга жана Ак үйдүн кызматчыларына кол көтөрсө дагы, ал убактагы бийлик камака алган эмес. Биздин тарапташтар, С. Жапаровдун тарапташтарынан айырмаланып тынч жана маданияттуу митингге чыгышты. Мыйзамды бузушкан жок. Аялдарды, карыган апаларды, жаш кыздарды камоо, кармоо, эч кандай мыйзамсыз, жигитчиликке, жогорку мамлекеттик кызматчынын этикасына дагы жатпайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.