Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте урдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-декабрда милицияга И.Д. аттуу жаран кайрылып, 12-декабрда болжол менен таңкы сат 04:00до белгисиз адамдар Арча-Бешик конушундагы үйүнө кирип, Redmi 5 телефонун, кышкы куртка жана 9 миң сом акча уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы М.А. жана 30 жаштагы Н.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда алар райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

«Азыркы тапта алардын Бишкек шаарындагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетинен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(705) 307 703, 0(702) 494 730, 0(502) 995 999 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.