Канат Исаев камактан үй камагына чыгарылды

11-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаев сот залынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-январда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Исаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Исаевге козголгон кылмыш ишинде «жашыруун» деген гриф бар экенин маалымдаган, бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.