Эмил Жамгырчиевдин иши кайра тергелмей болду

Жоголуп, кайра парламентте пайда болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн өлкөнүн башкы прокуроруна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 11-январда Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку сот Башкы прокуратуранын Жамгырчиевге жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, өтүнүч иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу келтирилгени былтыр 6-декабрда белгилүү болгон.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев Жазык кодексинин «Пара алуу» деген беренесинин негизинде кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде «ыплас ушак» деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген жана үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектелип Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең Жогорку сотто акталган.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Былтыр 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган. 1-декабрда УКМК депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.