Эмил Жамгырчиев «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамды иштеп чыккан топтон чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун демилгечилеринин катарынан чыгып, өзүнүн кол тамгасын чакыртып алды. Бул тууралуу депутат өзү билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасына тиешелүү кат жолдогон. Депутат белгилегендей, ал «мыйзам долбоорун ичинен изилдеп көрүү» максатында иштеп чыккандардын тобуна кирген. Бирок ал эмне үчүн кол тамгасын чакыртып алганын айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Эмил Токтошев менен Бактыбек Чойбеков да чуулуу мыйзамды иштеп чыккан топтон чыкканын билдиришкен.

Эске сала кетсек, буга чейин депутаттар тобу «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга «чет элдик өкүлчүлүк» статусун жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн атайын отчеттуулук режимин, ошондой эле талаптар бузулган учурда кылмыш жоопкерчилигин караган өзгөртүүлөрдү демилгелеген.