Лукашенко: “Кыргызстан эми бутуна туруп келе жатат, ага жолтоо болбогула!”

Мындай пикирин Беларустун президенти Александр Лукашенко ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчылары менен болгон жолугушууда билдирди. Ал Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу сөз кылып, өлкө ичиндеги кырдаалды козгоо аракети болгонун, аны бийлик өз убагында токтотуп калганын айтты.

“Азаматтар! Жаңыдан башталып жаткан жеринен токтотуп, бул балээнин жайылып кетүүсүнө жол беришкен жок. Демек, тарыхтан сабак чыгарышыптыр. Козгоо аракети болгонун көрдүңөр. Кыргызстанды жайына койгулачы! Алар бутуна туруп келе жатат, өлкө өнүксүн. Ал кимге көйгөй жаратып жатат? Эч кимге. Ага карабай, козгоо аракети болууда. Жөн эле болуп жатат деп ойлобогула. Жок. Бул Кыргызстан аркылуу кайрадан Казакстанга, Орусия аркылуу Кытайга аракет болгондой. Буга көңүл бургула”, — деди Лукашенко.