Тургундар таштанды салуучу урнаны кандай колдонуу керектигин үйрөнө элек, – сүрөт

Шаардыктар жаңы урналарды мурункудай эле колдонуп жатат. Бул тууралуу күбөлөр Вulak.kg редакциясына билдирди.

“Таштандылар туш келди эле салынып, эч кандай нормалар аткарылган жок”, – дейт тургун.

Эске салсак, Бишкектин Панфилов көчөсүндө пилоттук түрдө таштандыны иргей турган жай иштей баштаган.

Белгилесек, Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.

Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалган.

Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган болчу. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн тургундарынын сунуштары да эске алынган.

Долбоордун максаты:

  1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
  2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
  3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.

IMG 20230109 WA0000 Тургундар таштанды салуучу урнаны кандай колдонуу керектигин үйрөнө элек, - сүрөт