Жалал-Абадда жаш келин асынып алды

Жалал-Абадда 24 жаштагы келин асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 10-январь күнү саат 01:00дөр чамасында Токтогул РИИБдин «102» кызматына ошол эле райондун 24 жаштагы тургуну жашаган үйүндө асынып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Токтогул РИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иш кагаздар чогултулган. Аталган факты Токтогул РИИБге «өзүн өзү асып алуу” болуп катталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон келиндин жолдошу 1996-жылы туулган жаран 10-январь күнү саат 00:00 чамасында үйүнө келип, үйүндө келинчеги жок болгондугуна байланыштуу аны издеп, өздөрү жашаган Токтогул шаарындагы үйүнүн сарайында асынып турган жеринен тапкандыгы такталган.

Жолдошунун айтымында, келинчеги менен буга чейин урушкан эмес жана жакшы мамиледе болушкан. Бул факты боюнча каза болгон келиндин атасы 1958-жылы туулган жаран жана жакын туугандары кызынын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышып, актылар түзүлүп кол коюлган. Бул окуя боюнча текшерүү иштери улантылууда.