Кышкы каникул 16-январга чейин узартылды

Мектептердеги кышкы каникулду узартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов «Фейсбуктагы» баракчасында  билдирди.

Маалым болгондой, каникул 16-январга чейин узартылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бул аптада аба ырайы кескин суук болоруна байланыштуу Билим берүү министрлигине кышкы каникулду 16-январга чейин узартууну сунуштаган.