Кочкордо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси документтерди жасалмалоого шектүү катары кармалды

Теңдик айылынын тургундарынын социалдык тармак аркылуу кайрылуусуна байланыштуу, 2022-жылдын 31-декабрында ички иштер органдары текшерүүнү баштаган. Видеокайрылуу “Facebook” социалдык тармагында жарыяланып, анда айылдын аксакалдары, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү жер мыйзамын бузуу фактылары боюнча маалымат беришип, ички иштер органдарына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Бул кайрылуу 31-декабрда Кочкор районунун ИИБне катталган.


Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.


Жер боюнча укук бузуу фактыларын текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан Кочкор РИИБдин тергөө кызматына 1984-жылы туулган А.О. жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы жаран А.О. Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси болуп туруп, аталган айылдын С.К., Ж.Б. жана А.Ы. аттуу үч тургунуна Кара-Жылга участкасында жалпы аянты 100 гектардан ашык (ар бири 35 гектардан) жайыт жерлерин өткөрүп берген.


Аталган тилкедеги жайыттар 2022-жылдын февраль айында бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок ошол эле учурда бир дагы гектарга тиешелүү каражат төлөнбөстөн келишимдер түзүлгөн.
Анын үстүнө тергөөчүлөр документтердин аныктыгына шектенген. Анткени жасалмачылыктын белгилерин байкашкан.


Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 105 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган. 2023-жылдын 5-январында Кочкор РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү «Документтерди жасалмалоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Мыйзамсыз аракеттердин аныкталган фактыларына байланыштуу жогорудагы жаран 1984-жылы туулган А.О. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин соттун чечими менен ага карата бөгөт чарасы – үй камагы тандалган.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары уланууда. Бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы