Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», — деди Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы 8 га аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты.

«Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу маселесин иликтеп чыгуу зарыл. Бул мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн иштиктүү жана натыйжалуу механизми. Кандай болгон учурда да министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базары үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт», — деди Акылбек Жапаров.