Армения президенти жана премьер-министри Садыр Жапаровду куттукташты

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министр Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Армения менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына байланыштуу куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттердин ортосунда достуктун жана элдерибиздин ортосундагы өз ара урматтоонун салттарына негизделген бекем өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн кубануу менен белгилейм.

Кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип издөө, ошондой эле белгиленген пландарды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да кызматташуунун потенциалын олуттуу түрдө бекемдейт деп ишенем. Кыргыз-армян мамлекеттер аралык мамилелери үчүн бул маанилүү күнү чын дилимден чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Ваагн Хачатуряндын куттуктоосунда.

Өз кезегинде, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян куттуктоосунда акыркы отуз жылдыкта Армения менен Кыргызстан бардык багыттарда жемиштүү өз ара пайдалуу кызматташууда олуттуу тажрыйба топтогондугун белгиледи.

«Эл аралык бирикмелердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү түзүлдү, жакында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү. Биздин элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара урматтоо мамилелери, ошондой эле жигердүү мамлекеттер аралык диалог жана натыйжалуу кызматташуу Армения менен Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу күн тартибин ырааттуу бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшөт деп ишенем,» — деп айтылат билдирүүдө.

Никол Пашинян Садыр Жапаровго ийгилик жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.