Майрам күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштеди. Жаңы жыл күнү «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү эртен мененки 5 саатка чейин иштеди.
Негизги майрамдык иш-чаралар болгон «Ала-Тоо» аянтында 60 адам жана 7 атайын техника иштеди.