Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчынын жаңы жылдык куттуктоосу: 

«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жалпыбыз дагы бир жылды карытып, жаңы 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ким болбосун, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жүрөк толкуткан мындай ирмемдерде узап бараткан жылга бир кылчая сереп салып, келе жаткан жылдан үмүт арта аруу тилектерди айтып, жаңы максаттарды белгилейт.

2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду.

Тилекке каршы, ошону менен бирге Мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк! Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!