Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2022-жылдын 28-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну Ш. уулу Т. кармалды. Кармалган жарандан далил буюм катары окуя болгон күнү кийип жүргөн канга боёлгон кийимдери жана маркумдун денесине жарат келтирген кылмышка шектүүнүн колунун изи калган бышык кыш алынды.

WhatsApp Image 2022 12 30 at 15.31.18 Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды


Кылмышка шектүүгө карата Кара-Суу райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айга камака алуу чарасы тандалды. Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


2022-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 02:20 чамасында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн.
Анда: Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылындагы кароосуз калган турак жайдын батыш тарабындагы бөлмөсүнүн ичинен азиат улутундагы жашы 70-75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдиришкен.


Аталган маалымат, Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнин жетекчилиги менен бирге ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган:


Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылындагы кароосуз калган турак жайдын батыш тарабындагы бөлмөсүнүн ичинен Ош шаарынын тургуну 75 жаштагы С.А ысымдуу жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз дененин эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында жана денесинде алган жаракаттарынын оордук даражасын тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2022 12 30 at 15.31.19 Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
WhatsApp Image 2022 12 30 at 15.31.19 2 Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы