
Бишкектин 12-кичирайонундагы гаражда токтоп турган Lexus 570 автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 28-декабрь күнү чыгып, бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Натыйжада тилсиз жоо саат 14:34тө толук өчүрүлдү.
Өрт кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.