“Лексустун” айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен

Бишкекте “Лексустун” айдоочусу кырсыкка кабылып, окуя болгон жерден качып кетти. Кырсыктын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык кечээ болгон.

«Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. “Лексус” кагышкан унаанын ичинде кичинекей балдар болгон», — деп айтылат видеодо.

Патрулдук милиция кызматынын бөлүмү “Лексустун” айдоочусу издөөгө алынганын маалымдады.