Сретенка айылында жол кырсыгында мотоцикл айдоочусу каза болду

Чүй облусунун Сретенка айылында жол кырсыгында мотоцикл айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой жол кырсыгы 11-сентбярда болгон. Болжол менен саат 07:00дө аталган башкармалыкка Сретенка айылында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча «Форд Транзит» унаасын башкарган айдоочу Центральная көчөсү менен бара жатып «Днепр» мотоцикли менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан мотоциклди башкарган 37 жаштагы Ч.А.А. аттуу киши каза тапкан. Ал Сретенка айылынын жашоочусу болгон. Андан тышкары мотоциклде келе жаткан 17 жаштагы А.А.С. жүргүнчү жабыркаган. Ал эми унаанын айдоочусу окуя жеринен качып кеткен.

Бул жол кырсыгына шектүү катары Москва районунун жол милициясы тарабынан Сретенка айылынын 46 жаштагы тургуну кармалган. Ал Москва райондук милициясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Азыркы тапта «Форд Транзит» унаасы айып аянтчасына коюлган.

whatsapp image 2022 09 12 at 09 59 05 Сретенка айылында жол кырсыгында мотоцикл айдоочусу каза болду