Садыр Жапаров Жалал-Абадга баратып, жолдо аны күтүп турган эл менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жолдо баратып атайын токтоп, аны күтүп турган жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакка жазды.


Анын айтымында, мамлекет башчысы алардын маселелерин угуп, жооп берип, тийиштүү маморгандарга тапшырмаларды берди.


«Ошондой эле жергиликтүү тургундарга облус борборлорунда ипотекалык турак-жай программасынын алкагындагы жарандар үчүн жеңилдетилген шартта турак-жайлардын курулушу жана башка социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу айтып берди», — деп жазган ал.

prez 1024x646 1 Садыр Жапаров Жалал-Абадга баратып, жолдо аны күтүп турган эл менен жолукту
whatsapp image 2022 09 12 at 09 06 24 1 Садыр Жапаров Жалал-Абадга баратып, жолдо аны күтүп турган эл менен жолукту