Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылды

Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылып, куткарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүүдө, Ысык-Көл районуна караштуу Кызыл-Өрүк айылынын көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылган.

1424635.c8152497268607427844dc2d8781a588 Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылды