Кызыл-Кыяда мурда соттолгон жаран унааны айдап качууга шектелүүдө

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы К.Ж. 2022-жылдын 27-декабрь күнү болжол менен саат 23.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы кафенин жанында өзүнүн “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар белгисиз тарапка айдап кетип калгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.


Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кадамжай районунун тургуну 29 жаштагы Ш.у З. Ош шаарынан аныкталып кармалган.
Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы