Депутат Кемпир-Абад иши боюнча президентке кайрылды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Адахан Мадумаров менен Дастан Бекешев Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар боюнча маселени көтөрүдү.

Алгач жыйында Адахан Мадумаров камактагы отургандардын ичинен эки аял кишинин (Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова — ред.) ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып жатканын белгиледи.

«28 жаран мыйзамсыз камалап отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбызыдын ден соолугун карап, ден соолугуна аябай катуу коркунуч келип жатат, кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Бул жакта Жогорку Кеңеш бюджетти, мыйзамды, регламентти карайлы деп отурат. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдар эч нерсе алып келбейт, эч нерсеге жарабайт. Өзүм билемдик менен кетүүнүн акыры жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Ал Кыргызстанда мыйзамдар, Конституция сакталбай жатканын айтып, бул маселени иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

Андан кийин сөз алган депутат Дастан Бекешев Кемпир-Абад иши боюнча активист жана саясатчылар мыйзамсыз камалып жатканын айтты.