Бекназаров менен Акматов ачкачылык кармоону токтотту

«Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалган саясатчы Азимбек Бекназаров менен саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 16-декабарда акчачылык жарыялаган.

Эске салсак, 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активисттер жапырт кармалган.

ajdanbek 1024x461 1 Бекназаров менен Акматов ачкачылык кармоону токтотту

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Кармалгандар коюлган айыптар менен макул эместигин айтышууда.