ТИМ жарандарды Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга кирүүсүнө чектөө чаралары уланып жаткандыгына байланыштуу министрлик жарандарга Тажикстанга барууга жана ал өлкө аркылуу башка мамлекеттерге чыгуудан убактылуу түрдө баш тартууну сунуштайт.

Тажикстанга кирип-чыгуу маселеси боюнча министрликтин Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылууга болот.

Консулдук департамент (Бишкек): +996 999 312-002

Элчилик (Душанбе): +992 887 782-223