Садыр Жапаров күзүндө Тажикстанга барат

Садыр Жапаров күзүндө Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

14-15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусу өтөт.

Анын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө, алардын негизгилери биргелешкен билдирүү болот.

Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын катышуусунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир нече иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: экономикалык форум, улуттук продукциянын эл аралык көргөзмөсү, транспорт министрлеринин жолугушуусу, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, университет ректорлорунун биринчи форуму жана башкалар.