UWW уюму Жоламан Шаршенбековду «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөттү

United World Wrestling уюму грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековду «Жылдын мыкты балбаны» номинациясына көрсөттү.

Быйылкы жыл Шаршенбеков үчүн ийгиликтүү болуп, ал алгач ирет Азия жана дүйнө чемпиону боло алды. Андан тышкары башка эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси болду.

Шаршенбековдон тышкары грем-рим күрөшүнөн «Жылдын мыкты балбаны» номинациясына Азербайжандан Елдениз Азизли, түркиялык Бурхан Акбудак, Рыза Каяалп жана сербиялык Зураб Датунашвили көрсөтүлгөн.