Президентке жаңы учак сатып алынат

 Жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды.

«Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон.
Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар Мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы», — деп жазат президенттин пресс-катчысы.