11 жаштагы Элес Намазалиева Австриянын эки жолку чемпиону болду 

Кыргызстандык 11 жаштагы Элес Намазалиева дагы бир жолу өспүрүмдөр арасында көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду.

Элестин атасы Капар Намазалиевдин айтымында, чемпионат 15-16-декабрда Санкт-Пёльтен шаарында өткөн. Мелдештин биринчи күнү кыска программа, экинчи күнү эркин программа болду.

«Элестин тайпасында сегиз адам бар эле, алардын баары улуттук курама команданын спортчулары. Учурда Австриянын эки жолку чемпиону», — дейт Капар Намазалиев.

YouTube video