Кадамжайда милиция Өзбекстандан келген айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери 2022-жылдын 17-декабрь күнү Кадамжай шаарындагы Фергана чек ара постунунун алдында, Өзбекстан Республикасынын Сох, Шаймардан, Жигит-Пирим анклавтарына каттаган айдоочуларга Кыргызстан ичиндеги калктуу пункттарда жол эрежесин сактап, ылдамдыкты төмөндөтүү менен жол кырсыгынын алдын алуу максатында түшүндүрүү, алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.


       Анткени акыркы учурларда анклав тургундарынын айдоочулары жол эрежелерин так сактабагандыктан, 3 жол кырсыгы катталып, жарандар ооруканага кайрылган.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

3a593b9c b880 48c6 b7b7 9ed1b0f96391 Кадамжайда милиция Өзбекстандан келген айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө