11 айда Бишкекте жол кырсыгынан 50 адам каза болгон

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкек шаарында 2 миң 593 жол кырсыгы катталган. Андан 50 адам каза болсо, 3 миң 374 киши жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын кагылышынан, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгынан жана автоунаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн кесепетенин адам өлүмдөрү катталган.