Чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

  Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери   ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун 53 жаштагы тургуну Т.Х. аныктап кармаган. 
Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.     

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы