Актёр Мурадиллаев видео кайрылуу жасап, элге жана президентке ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев видео кайрылуу жасап, элге жана мамлекет башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Мага дуба кылып жаткандарга миң мертебе ыраазычылык. Президентке, бардык жардам берген адамдарга рахмат айтам. Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз деп ишенем»,- деди ал.

Эске салсак, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түшкөн. Ал операцияга муктаж, учурда донор изделүүдө. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн жетпей жаткан 42 миң долларды бөлүп берген.