Актёр Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Белгилүү актёр 17-декабрь күнү дүйнө салды. Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.