Бишкектеги №4 мектеп эвакуацияланды. Маалыматты шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева тастыктады.
Анын айтымында, бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн. «Учурда укук коргоо органдары мектепти текшерүүнү аяктап, жеринде иштеп жатышат», – деди ал.
Эске салсак, 30-ноябрда жардыруучу зат коюлган деген маалыматтан улам №67 жана №62 мектептер эвакуацияланган.