“Бомба бар”: Бишкектеги №4 мектеп эвакуацияланды

Бишкектеги №4 мектеп эвакуацияланды. Маалыматты  шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева тастыктады.

Анын айтымында, бомба коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн. «Учурда укук коргоо органдары мектепти текшерүүнү аяктап, жеринде иштеп жатышат», – деди ал.

Эске салсак, 30-ноябрда жардыруучу зат коюлган деген маалыматтан улам №67 жана №62 мектептер эвакуацияланган.