№4 мектепте жардыруучу зат табылган жок

Бишкектеги №4 мектепте текшерүү иштери аяктап, жардыруучу зат табылган жок. Ал эми окуучулар сабакка кайтышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин саат 07:49да №4 орто мектептин электрондук дарегине имаратка жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кат келип түшкөн.

Окуу жайдын жетекчилиги укук коргоо органдарына кабар берип, башка тиешелүү органдарга да факты боюнча маалымат берилген. Балдар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн мектептин имараты курчоого алынган.

Текшерүү аяктагандан кийин балдар сабактарына кайтышты.