Түркмөнстандан 2 млрд кВт электр энергиясы сатып алынат

Келерки жылы Кыргызстан Түркмөнстандан 2 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, быйыл Түркмөнстандан 1,5 млрд кВт саат электр энергиясы сатылып алынууда.

«Түркмөнстандан алынган электр энергияны Өзбекстан аркылуу транзит кылып алып келебиз. Транзит жана сатылып алынган электр энергиясы үчүн төлөйбүз. Андан тышкары, 270 млн куб газ боюнча, газды бул жакка ташып келүү кыйын жана кымбат, ошондуктан, 270 млн метр куб газды Өзбекстандын ЖЭБине жагып, 1,3 млрд кВт саат электр энергиясын алуудабыз. Азыр анын 470 млн кВт саат электр энергиясы калды. Газдын акчасы толук төлөнүп бүткөн, декабрдын аягына чейин электр энергияныкын төлөйбүз», — деди ал.

Ошондой эле, министр келерки жылы Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишим түзүлүп жатканын белгиледи.

«Дагы 2 млрд кВт саат электр энергиясына контракт түзүлүп, бүтүп жатат. Андан тышкары Казакстандан 600 млн кВт саат – декабрь айында 200 млн, январда 200 млн жана февраль айында 200 млн кВт саат электр энергиясын импорттойбуз», — деди ал.