
Келе жаткан аптада Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келет. Бул тууралуу россиялык журналист Павел Зарубин билдирди.
Путин 9-декабрда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык бирикменин саммитине катышат.
Быйыл Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кылууда.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь жана Россия мүчөлүк кылат.