Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин боор алмаштыруу операциясы үчүн $42,000 берди

Садыр Жапаров актер Азиз Мурадиллаевке боор алмаштыруу операциясы үчүн $42,000 бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассол Молдокматова билдирди.

“Президенттин тез реакциясы үчүн чын жүрөктөн рахмат. Бир нече саат мурун мен актер Азиз Мурадиллаевге тез арада жардам берүү өтүнүч менен кайрылдым, бир сааттан кийин сиздин атынан ооруканага 42 миң доллар сумма жөнөтүлдү.

Бизди угуп, таланттуу актёрду сактап калууга кам көргөнүңөр үчүн жана жардам бергениңизге чоң рахмат. Анын ден соолугуна байланыштуу бүт өлкө тынчсызданып жатат”, – деп жазган Молдокматова.