Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япониянын Улуттук банкынын Төрагасы Харухико Курода менен жолугушту.

Ал буга чейин Азия өнүктүрүү банкын жетектеп, өзүн натыйжалуу иштеген менеджер катары көрсөткөн Харухико Курода менен кайрадан жолугушуусуна кубанычта экендигин билдирди.

«Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарынын бири банк тармагы болуп саналат. Кыргыз Республикасында эл аралык деңгээлде таанылган стандарттарга ылайык иш алып барган коммерциялык банктар бар. Буга байланыштуу кыргыз тарап өлкөнүн коммерциялык банктарына Япониянын коммерциялык банктары менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзүү маслесинде колдоо көрсөтүүсүнө ишеним артууда», — деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, акыркы убакта Министрлер Кабинети ички дүң продукциянын 7% өсүшүнө шарт түзгөн антикризистик бир катар чараларды кабыл алууга жетише алды.

«Биз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен акча-кредит жана салык-бюджеттик саясат чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүп жатабыз. Азыр кирешебиздин эсебинен чыгашаларыбызды толугу менен жаап жатабыз. Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча бардык кредиттик жана гранттык каражаттарды өнүктүрүүгө гана багыттайбыз», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Япониянын Улуттук банкынын Төрагасы Харухико Курода белгилегендей, учурда дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири инфляция болуп саналат.

«Бул көйгөй Кыргыз Республикасын да кыйгап өткөн жок деп ойлойм. Мындай шартта ички дүң продукциянын өсүшүнө жетише алганыңыздар кубандырат. Коронавирустук инфекциянын пандемиясы али бүтө элек жана дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Бир катар өлкөлөрдө инфляция олуттуу көрсөткүчтөргө жетти. Бул көйгөйдөн ар бир өлкө жалгыз чыгып кетүүсү кыйын. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-аракеттеринен көп нерсе көз каранды. Биз маалымат алмашууга жана биздин компетенциябызга кирген бардык маселелер боюнча кызматташууга даярбыз», — деди Харухико Курода.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Япониянын Борбордук банкына жана Япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) биздин өлкөдө “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомун түзүүдө Япониянын кредиттик кепилдик корпорациясынын иш тажрыйбасы пайдаланылгандыгын жана аны иликтөө мүмкүнчүлүгү сунушталгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.