Аялды 400 миң сомго алдап кеткен УКТ мүчөсү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарына Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн акча каражаттарын ээлеп алуу максатында алдамчылык аракеттер болгонун айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Бейтааныш  жаран алдамчылык жолу менен көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 000 сом акча алган. Андан кийин кылмышка шектүү жаран кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 000 сом сурап алып, изин жашырып кеткен. Келтирилген чыгым 400 000 сомду түзөт.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин  209-беренеси  (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган С.М.  тергөө кызматына жеткирилген.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү  бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Аталган  кылмышка шектүү Жазык-процесстик кодексинин  96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.