Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет

Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Бул туурасында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулат. Ошол убакта электр энергиясы чектелип, кубаттуулугу беш киловатт-сааттан ашса өчүрүлөт.

Аталган убакыт эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мындай өчүрүүлөр Бишкектин Кызыл-Аскер, Батыш автобекети жакта башталып, тургундар “тамак жасай албай, кир жууй албай жатабыз” деп кайрылып жатканын айтты.