Атазов кесиптештерин өкмөт менен ымалага келип алып, жактоочу болбоого чакырды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов депутаттарга прокуратура тарабынан суракка чакыртылып жатканына кейиди.

“Прокурорлор кабинетке үчтөн келип, суракка чакырып жатат. Элден прокуратуранын ишине болгон сындар, арыздар түшүп жатат. Кечээ мен улакчынын контейнерин алып кеткени турганын айттым эле азыр тийиштүү иштер башталды. Прокуратуранын иштерине көп нааразычылыктар түшүп жатат. Кечээки сурактагы маселелер боюнча аягына чыгыңыздар”, – деди ал.

-Эгер депутаттарды суракка чакырса, мыйзам бузулдубу же бузулган жокпу?, – деген суроо узатты депутат Шайлообек Атазов ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиевге.

Атазов жыйында маселе көтөрүлүп жаткан учурда кесиптештерин өкмөт менен ымалага келип алып, жактоочу болбоого чакырды.

Депутат Марлен Маматалиев дагы ушул маселени жалпы жыйынында «шоу» кылбастан ич-ара сүйлөшүп алууну сунуштады.

YouTube video