ВИДЕО:Сооронбай Жээнбековду сөзсүз камаш керек, — депутат Жеңишбек Токторбаев

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Ал кечээки парламенттин жыйынында мурунку депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айткандан кийин прокуратура суракка чакырганын билдирди.

“Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Туура эмес иш болду. Биз башкы прокурорго асылдыкпы? Биз элдин арызын айттык. Аларды жеткирбесек, анда “балык” депутат болуп отурушубуз керекпи? Элдин үнүн жеткирдик. Менде ондогон арыздар бар”, — деди депутат.

Эл өкүлү прокуратура кызматкерлери Жээнбековдорду коргобошу керектигин айтты.

“Башкы прокурордун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар экенин билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду дагы сөзсүз камаш керек. Ал Атамбаев менен чогуу табакташ болуп жүргөндө анын жакшылыгын көрүп, жамандыгы болгондо бөлөк туруш керекпи?”, — деп ал президентке кайрылды.

Эл өкүлү ошондой эле, эгер ушул адамдарды коргой турган болсо, анын да айта турган сөздөрү бар экенин баса белгиледи.

YouTube video