Кызыл-Кыяда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жарандын жүргөн жери аныкталды

Бул тууралуу Булак. кжге Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 20-август күнү саат 00.50 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан Караван айылынын 38 жаштагы тургуну Б.Х. денесинен оор жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирип милицияга кабар берген.


Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.


Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 19-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы Б.Х аттуу тургунун өзүнүн үйүнүн алдында Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Г.К. өз ара пикир келишпестиктен улам сабап, ден соолукка оор залал келтирген соң кетип калган.


Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден-соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, 29 жаштагы Г.К. Ош шаарындагы эркиндигинен ажыратылган жайда жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды.