ИИМ: Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды

Бул тууралуу Булак.кжге ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын № 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандын күч колдонулуп, каза болгон денесин табышкан.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 08.29.29 ИИМ: Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды


Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.
Кылмыш иштин алкагында видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон Бишкек шаарынын С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнөн баштап “Коопсуз шаар” видеобайкоолор тутумун жакшылап кароо менен шектүү жарандын изине түшүшкөн. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 9-ноябрь күнү таңкы маалда Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгон. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, экөө мушташып кетет да, шектүү маркумду бычак менен сайып жиберип, качып кеткендиги аныкталган.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 08.29.27 ИИМ: Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды
WhatsApp Image 2022 12 01 at 08.29.28 1 ИИМ: Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды
WhatsApp Image 2022 12 01 at 08.29.28 ИИМ: Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды