Сокулукта аңчылыкка кеткен бойдон келбей жаткан жаран изделүүдө

Фото иллюстративное

Сокулукта куткаруучулар аңчылыкка кеткен бойдон кайтпай жаткан жаранды издеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Кичи-Тоо» тоосуна 1961-жылы туулган А. Б. жана 1972-жылы туулган З. Д. аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан.

Ошол эле күнү А.Б. аттуу жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген.

Ал эми З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуумаалымат «112» кызматына түшкөн.

Бүгүн аталган 45 жаштагы З.Д. аттуу жаранды издөөгө ӨКМдин Сокулук райондук №23 ӨКББдан 5 куткаруучусу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.