Жолдошева: Биздин өлкөнү эгемендиктен ажыратып коесуңар

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин башка өлкө менен биргелешип курбашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жатан Элдик курултайда Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Ал курултайдын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

«Акылбек Үсөнбекович, «балким Камбар-Ата-1ди коңшу мамлекеттер менен курабыз» деп айттыңыз. Сиз кайсы бийлик менен гана иштеген жоксуңуз, канча президентти кетирдиңиз. Камбар-Ата-1 суунун башы, ГЭСтердин башы. Кайсы өлкө менен салам деп жатасыздар? Өзбекстан же башка өлкө мененби? Анда биздин өлкөнү эгемендиктен ажыратып коесуңар. Суу, энергетика алтындан да кымбат. Ошондуктан бул оюңардан кайткыла», — деди ал.