Баткенде окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүштү

Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактарындагы билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана айыл тургундарына Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

WhatsApp Image 2022 11 25 at 12.32.13 1 Баткенде окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүштү


Акыркы учурларда жол кырсыгынын айынан каза болгондордун саны кескин түрдө көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Миң-Булак, Миң-Өрүк, Орто-Боз жана Ак-Сай айылдары аркылуу өтүүчү чоң жолдорунун жээгинде жашаган айыл тургундарына жаш өспүрүмдөр жолдун жээгинде жана жол аркылуу өткөн учурларда Жол кыймылынын эрежелерин сактоосу эскертилди. Коопсуздук эрежелерин сактоо менен ар кандай кырсыктан оолак боло тургандарын түшүндүрүштү. Ошону менен бирге өспүрүмдөрдүн ата-энелерине балдары тийиштүү документи жок унаа айдабоосу айтылды.

WhatsApp Image 2022 11 25 at 12.32.13 Баткенде окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүштү
WhatsApp Image 2022 11 25 at 12.32.14 1 Баткенде окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүштү

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы